АКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөт
Экономика министрлиги айрым кызмат көрсөтүүлөрдү жеке жактарга өткөрөт
12.10.2021 | 11:27
Экономика жана финансы министрлиги айрым мамлекеттик кызматтарды аутсорсингге алууну сунуштоодо. Бул тууралуу башкармалыктын башчысынын орун басары Данияр Иманалиев парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал санариптештирүүнү киргизүү менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү принциби өзгөрүп жатканын белгиледи.
«Мамлекеттик кызматтардын баасын министрлер кабинети аныктайт. Биз калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууну каалайбыз», – деп түшүндүрдү чиновник.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 416 мамлекеттик кызмат көрсөтүлсө, анын 264нө акы төлөнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика