«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообу

29.10.2026 | 17:08
«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообу — Новости Кыргызстана

Reporter.kg редакциясынын «Элдик репортер» рубрикасына Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, «Түндүк» тиркемесинин ишине нааразы болду. Анын айтымында, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам эки күндөн бери банктан насыя алуу үчүн мүлктү күрөөгө коё албай жатат. Ошондой эле ал Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаардык филиалынын кардарлары сыртта кезек күтүп турушканы тартылган видеону жөнөткөн.

Окурмандын айтымында, мүлктү күрөөгө коюуну каттоо онлайн-форматка өткөрүлгөн, бирок тиркеме тынымсыз тутумдук жана сервердик каталарды көрсөтүүдө.

«Банктан насыя алайын дегем, бирок „Түндүк“ системасы иштебей жаткандыктан, мүлктү күрөөгө коё албай жатам. Колдоо кызматына чалсаң, „Күтө туруңуз, тармакка күч келүүдө“ деп жооп беришет», — дейт аял.

Анын айтымында, техникалык көйгөйлөрдөн улам жарандар керектүү документтерин өз убагында тариздей албай жатышат. Мындан тышкары, окурмандын ырастоосунда, түшкү тыныгуу маалында күн суук экенине карабай, келген адамдардан сыртка чыгууну суранышкан.

«Эгер толук кандуу иштебей жатса, онлайн-каттоо үчүн мындай чийки программаны ишке киргизип эмне кереги бар эле? Жок дегенде убактылуу эки вариантты тең — онлайн жана офлайнды калтырып турса болмок. Ал эми система жакшы иштеп баштаганда, толугу менен электрондук форматка өтүшсө болмок», — деп эсептейт ал.

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик эмне деп жооп берди

Reporter.kg түшүндүрмө алуу үчүн КР Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматына кайрылды.

Мекемеден түшкү тыныгуу учурунда келген адамдарды имараттан чыгууга мажбурлашат деген маалыматты төгүндөштү.

Агенттиктин маалыматы боюнча, жарандар мекеменин ичиндеги күтүү жайында кала алышат. Аба ырайы жакшы болгон учурда кызматкерлер аларга сырттагы отургучтарда күтүп турууну сунуштоого укуктуу, бирок бул өтүнүчтү аткаруу милдеттүү эмес.

Агенттикте түшүндүрүшкөндөй, айрым кардарлар түшкү тыныгуу маалында да кызмат көрсөтүүнү улантууну талап кылышат, ошондуктан кызматкерлер дайыма эле толук кандуу эс алып, тамактана алышпайт.

Ошол эле учурда ведомство видеоматериалда айтылган сын-пикирлерди эске алууга жана кызматкерлер менен жарандарга сылык мамиле кылуу, ошондой эле түшкү тыныгуунун убактысы тууралуу кардарларга өз убагында маалымат берүү боюнча кошумча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө убада берди.

Күрөөнү «Түндүк» тиркемеси жок каттоого болобу

Мамлекеттик агенттикте мүлктү күрөөгө коюуну онлайн-каттоого өтүү боюнча даттанууларга да комментарий беришти.

Мекеме түшүндүргөндөй, нотариалдык күбөлөндүрүүсүз күрөө боюнча эки тараптуу келишимдерди каттоо жана күрөөнү чыгаруу эми «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн-форматта жүргүзүлөт. Бул үчүн «Түндүк» ААК менен биргеликте «Онлайн-күрөө» жана «Күрөөнү онлайн алып салуу» кызматтары иштелип чыккан.

Агенттиктин маалыматы боюнча, бул жаңылык бюрократиялык жол-жоболорду кыскартып, жарандарды мамлекеттик мекемелерге баруу түйшүгүнөн арылтышы керек.

Буга байланыштуу ведомство банктарга жана каржы-насыялык уюмдарга кардарларды агенттиктин филиалдарына жөнөтпөстөн, тиешелүү операцияларды аралыктан жүргүзүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн.

Ошол эле учурда айрым учурларда күрөөнү офлайн каттоого алуу мүмкүнчүлүгү сакталат.

«Атап айтканда, 50 жаштан ашкан жарандар күрөө келишимин каттоо үчүн Жер агенттигинин филиалына өз каалоосу боюнча кайрыла алышат. Мындан тышкары, онлайн-каттоодо көйгөйлөр жаралса, кардардын „Түндүк“ тиркемесин колдогон телефону жок болсо жана тартипте каралган башка учурларда документтерди түздөн-түз мекеменин өзүндө тариздөөгө жол берилет», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Ал эми техникалык мүчүлүштүктөрдүн себептери боюнча Мамагенттик тутумдун операторуна — «Түндүк» ААКка түздөн-түз кайрылууну сунуштады.

Reporter.kg ошондой эле аталган ишкананын басма сөз кызматына кайрылды. Ал жактан система штаттык режимде иштеп жатканын жана билдирмелер эч кандай көйгөйсүз өтүп жатканын билдиришти.

«Баары штаттык режимде иштеп жатат. Системаны текшердик — бардык билдирмелер өтүүдө. Бул жагдайды өзүнчө карап чыгууну каалайбыз жана биз менен байланышууну өтүнөбүз. Биз маселени чечип беребиз», — деп билдиришти «Түндүк» ААКтан.

Редакция жагдайды тактоо жана маселени чечүү үчүн окурмандын байланыш номерин аталган компаниянын басма сөз кызматына өткөрүп берди.

Анара Мамытова

Scroll to Top