«Электрондук нотариус» — документтердин  жасалмалуулугун саналуу секундда аныктайт (фото)

«Электрондук нотариус» — документтердин  жасалмалуулугун саналуу секундда аныктайт  (фото)

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Юстиция министрлигинин Бишкек шаарынын аймагында пилоттук режимде иштеп жаткан «Электрондук нотариат» маалыматтык тутумунун иши менен таанышты.

Юстиция министри Марат Жаманкуловдун айтымында, «Электрондук нотариус» маалыматтык системасынын жардамы аркылуу нотариустардын бардык нотариалдык иш-аракеттери электрондук түрдө жүргүзүлүүсүнө жана документтердин  жасалмалуулугун саналуу секунддардын ичинде аныктоого мүмкүн болот.

«Бул «Электрондук нотариат» маалымат системасы аркылуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө  байланыштуу жасалган иш-аракеттердеги мыйзамсыз аракеттердин алдын алат жана нотариат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышындагы көзөмөлдү  жогорулатат. «Электрондук нотариаттын» киргизилиши нотариустарга «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу саналуу секунддардын ичинде кардарлар жөнүндө маалымат алууга жана анын документтеринин тактыгын аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. «Электрондук нотариат» маалымат системасы  баарынан биринчи адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган», – деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр  өлкөнүн бардык аймактарындагы нотариустардын «Электрондук нотариат» маалымат системасына кошулуусун камсыз кылуу үчүн ушул жылдын аягына чейин жабдууларды алып, кызматкерлерге система менен иштөө жеткиликтүү болуш үчүн окуудан өткөрүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, «Электрондук нотариат» маалымат тутумуна Бишкек шаарындагы 12 мамлекеттик жана 2 жеке менчик нотариус кошулган. Бул система учурда пилоттук режимде иштеп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>