Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 7 миң 42 социалдык контракт түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында ишке ашырылууда.
«Социалдык контракт» программасы 2022-жылдан бери президенттин демилгеси менен ишке ашырылып келет. Ал аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөрдү өз ишин баштоого колдоо көрсөтүп, туруктуу киреше булагын түзүүгө багытталган.
Алгач мамлекеттик колдоонун көлөмү 100 миң сомду түзгөн болсо, 2025-жылдан тартып 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, программанын алгачкы катышуучуларынын ичинен 15 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан.
Долбоордун катышуучуларынын көпчүлүгүн айыл жеринде жашаган аялдар түзөт.
2026-жылы программага 13 миң 334 аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлө катыша алат. Алардын ар бири өзүнүн бизнес-долбоорун ишке ашыруу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз мамлекеттик колдоого ээ болот.
Мындан тышкары, Эмгек министрлиги «Социалдык контракт» долбоорунун катышуучулары үчүн пайызсыз насыя берүү программасын да ишке ашырууда. Жыл башынан бери 150 адам жеңилдетилген насыя алып, өз ишкердигин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
«Социалдык контракт» программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда. Кененирээк маалыматты жарандар жашаган жери боюнча Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктарынан ала алышат.