Улуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутат

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Франциянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги музей тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөөдө. Тараптар музей адистерин окутуу, биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруу, музей коллекцияларын жайылтуу жана гранттык долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда.
Мындан тышкары, кызматташтык музей адистеринин кесиптик тажрыйба алмашуусун өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн музей тармагындагы өнөктөштүгүн чыңдоого багытталат.
Улуттук тарых музейинин маалыматына ылайык, тиешелүү макулдашуулар музейдин директору Назгүл Өмүрзакова менен Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Файдын жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилди. Жолугушууга ошондой эле элчиликтин маданият боюнча атташеси Этьен Лансело, «Альянс Франсездин» маданият боюнча координатору Дженнифер Корнез жана уюмдун өкүлү Гүзөл Ишенова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө музейдин директору музейдин алтын коллекциясына арналган буклетти басып чыгарууга жана аудиогиддин француз тилиндеги версиясын даярдоого көрсөткөн колдоосу үчүн Франциянын Элчилигине ыраазычылык билдирди.
Жыйынтыгында тараптар биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашырууну улантуу жана музей тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.