Эң көп 200 миң сомдой пенсия алган жаран кайсы тармакта иштеген? Жооп

Эң көп 200 миң сомдой пенсия алган жаран кайсы тармакта иштеген? Жооп

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Кыргызстандагы эң көп болгон 190 миң сомдон ашык пенсияны алган жаран кайсы тармакта иштегени тууралуу айтты.

Жуматаева билдиргендей, аталган жаран убагында Социалдык фондго миллиондоп акча которуп, ал акчанын эсебинен 40 адамга пенсия төлөнүп турган.

“Ал жаран убагында камсыздандыруу төгүмдөрүн миллиондоп төлөгөн. 70 жаштардан ашкан жаран экен. Ал 75-76 жашка чыгып, учурда да иштеп келе жатыптыр. Ал иштеп, өзүн гана эмес, 40 пенсионерди багып келген (Соцфондго чоң суммаларды которгону тууралуу айтылууда – ред.). Анын пенсиясын азайтып коюу да адилетсиздик болуп калат. Ал мамлекетке “мен картайганда, пенсия менен кайтарып берет” деп акча төлөп келди”, — деди ал.

Анын айтымында, 190 миң сомдон ашык пенсия алган жаран сот системасында же ушул сыяктуу кызматтарда иштеген эмес.

“Жаңылбасам, ал экономика, банк тармагында иштеген”, — деди ал.

Жуматаев белгилегендей, быйыл 30 миң сомдон көп пенсия алган, анын ичинде 100, 200 миң сомдой пенсия алгандардын акчасы көтөрүлгөн жок.

Белгилей кетсек, жарандардын жеке маалыматтары тууралуу мыйзамга ылайык, эң көп пенсия алган адамдын аты-жөнү ачыкталбайт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: пенсия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>