КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдү

Кыргызстандын Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди жапырт жумуштан кетирүүнү пландаган жок. Бул тууралуу мекеме социалдык тармактарда улгайган педагогдордун эмгек ишмердиги токтотулушу мүмкүн деген маалыматтардын тарашына байланыштуу расмий түшүндүрмөсүндө билдирди.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаровдун Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушуусунда жергиликтүү тургундардын бири пенсия курагындагы мугалимдер мектептерде иштеп, жаш адистерге орун бошотпой жатканына даттанган эле.
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы белгилегендей, мекеме мугалимдерди курагы боюнча басмырлоо саясатын жүргүзгөн эмес жана мындан ары да жүргүзүү ниети жок. Билим берүү тармагындагы бардык чечимдер Конституцияга, КРнын Эмгек мыйзамдарына жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келиши керек.
Бүгүнкү күндө республиканын билим берүү мекемелеринде пенсия курагындагы 15 миңге жакын педагог эмгектенип жатканы маалымдалды. Алардын кесиптик тажрыйбасы жана билими билим берүү системасынын маанилүү бөлүгү бойдон кала берери белгиленди.
Ошол эле учурда министрлик айрым аймактарда жана билим берүү уюмдарында кадр маселеси бар экенин моюнга алды. Мугалимдердин маянасы көтөрүлгөндөн кийин мектепте иштөөгө болгон кызыгуу, анын ичинде жаш адистердин арасында да кыйла өскөн.
Буга байланыштуу министрлик жаш мугалимдерди тартууга жана ошол эле учурда тажрыйбалуу педагогдорду сактап калууга мүмкүндүк берген кадр саясатынын ар кандай ыкмаларын караштырууда.
Атап айтканда, пенсия курагындагы мугалимдерди насаатчылыкка жана жаш адистерге методикалык жардам көрсөтүүгө тартуу мүмкүнчүлүгү изилденип жатат.
Ошондой эле алардын педагог-ассистент, кеңешчи катары иштөө жана билим берүү программаларына катышуу варианттары каралууда.
Мындан тышкары, ийкемдүү педагогикалык жүктөм (сааттар) жана кесиптик ишмердиктин башка формалары талкууланууда.
Ошол эле учурда министрлик бул сунуштардын бардыгы талкуулоо баскычында экенин, азырынча так чечим кабыл алына электигин билдирди.
«Пенсия курагындагы мугалимдерди жапырт иштен бошотуу маселеси каралган жок», — деп баса белгиледи мекеме.
Билим берүү министрлиги мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү педагогикалык жамаат, кесиптик кошуундар, эксперттер жана коомчулук менен талкуулоого даяр экенин билдирди.
Мекеме ошондой эле каралып жаткан демилгелер боюнча такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырып, курак өзү педагогдорду басмырлоого негиз болбошу керектигин баса белгиледи.