Эксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүн

Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан мунайзат продуктуларын албай калышы мүмкүн. Мындай божомолду Борбор Азиядагы регионалдык экономикалык кызматташтык институтунун мурдагы директору Кубат Умурзаков «Эл аралык отун-энергетика тармагындагы өзгөрүүлөр шартында Кыргызстандын мунайзат рыногу» аттуу тегерек столдо билдирди.
«Учурдагы кырдаалга байланыштуу Россия жеткирүүчү катары өз милдетин аткара албай жатат. Балким, белгилүү бир убакытка, атүгүл бир нече жылга чейин Россиядан мунайзат продуктуларын албай калышыбыз мүмкүн», — деди Умурзаков.
Ал мунун себептерин дүйнөлүк энергетика рынокторундагы жалпы туруксуздук менен байланыштырды. Анын айтымында, буга дүйнөдөгү татаал саясий кырдаал, санкциялардын киргизилиши жана акыркы жылдары иштеп келген транспорттук коридорлордун үзгүлтүккө учурашы себеп болгон.
Умурзаковдун айтымында, Кара деңиз аркылуу жеткирүүлөр дээрлик токтоп калган. Ал мунун себебин Йемендеги хуситтер менен Сауд Арабиясынын ортосундагы жаңы жаңжалдан көрөт. Бул жаңжал Кызыл деңизге да таасирин тийгизүүдө. Перс булуңунда жана Кызыл деңизде мунайзат продуктуларын, газды жана башка товарларды жеткирүү кескин кыскарган.
«Мунун баары эмне менен бүтөрүн эч ким билбейт. АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжал убактылуу токтотулду, бирок Американын президенти Трамп 3-ноябрдагы аралык шайлоолордон кийин Иранга кайрадан сокку урууну пландап жатканы тууралуу күн сайын угуп жатабыз. Саясий кырдаал чыңалуунун жаңы баскычтарынан өтөт», — деди ал.
Умурзаковдун айтымында, экинчи фактор — дүйнөлүк тартиптин өзгөрүшү. Анын пикиринде, 2022-жылдан тартып эл аралык укуктун мурдагы нормалары иштебей калганы, айрым өлкөлөр болсо аларды тааныбай турганын ачык билдиргени белгилүү болду.
«Кеп АКШ, Кытай жана Россия жакынкы убакта таасир чөйрөлөрүн кайра бөлүштүрүү маселесин талкуулай турганы жөнүндө болуп жатат. Кызыкчылыктарына доо кетиши мүмкүн болгон башка өлкөлөрдүн табигый реакциясы — буга тоскоолдук кылуу. Натыйжада жаңы жаңжалдар, өз ара жаңы санкциялар, атүгүл куралдуу кагылышуулар жаралышы мүмкүн».
Умурзаковдун айтымында, бул жагдай мунайзат продуктуларын жеткирүүдө да кыйынчылыктарды жаратууда. Кыргызстанда август жана сентябрь айларында күйүүчү майдын айрым түрлөрүн, атап айтканда, АИ-95 бензинин жеткирүүдө үзгүлтүктөр болгон. Жеткирүүлөрдүн үзгүлтүксүз болушун камсыздоо үчүн өкмөт, нефтетрейдерлер жана рыноктун башка катышуучулары чараларды көрүп жатышат. Ошондой эле өлкө жеткирүү булактарын диверсификациялоо саясатын жүргүзүүдө.
Кандай альтернативалар бар?
Казакстан. Эксперттин айтымында, Казакстан күйүүчү майдын бир бөлүгүн жеткирүүгө убада берип жатат, бирок бул маселе дагы талкууланышы керек.
«Эртең Казакстандан ири делегация келип, мунайзат продуктуларын жеткирүү маселелерин талкуулайт. Өкмөттөр аралык жаңы келишим жана белгилүү бир кепилдиктер керек», — деп белгиледи Умурзаков.
Анын пикиринде, эң пайдалуу багыт — Казакстан.
«Географиялык жактан жакын, маршрут кыскараак жана чыгымдар азыраак. Казакстан өзүнүн заводдорунан бензин жана мунайзат продуктуларын жеткирүү аркылуу Кыргызстандын керектөөсүнүн бир бөлүгүн камсыздай алат», — деди ал.
Азербайжан жана Түркмөнстан. Бул өлкөлөрдөн жеткирүү маселелери да параллелдүү каралып жатат. Эксперттин айтымында, үч тараптуу механизмдерди талкуулоого болот. Азербайжан же Түркмөнстан күйүүчү майдын бир бөлүгүн Казакстанга жеткирип, Кыргызстан аны казакстандык мунай иштетүүчү заводдордон товардык своп механизми аркылуу алмак. Ошондой эле клиринг механизмин колдонууга болот. Мында эсептешүүлөр жеткирилген көлөмдү, сапатты жана транспорттук чыгымдарды эске алуу менен өз ара эсептешүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
Кытай. Кыргызстандын өкмөтү Кытайга да кайрылып, мүмкүнчүлүк болсо мунайзат продуктуларын жеткирүү маселесин карап чыгууну өтүнгөн.
«Эгер макулдашууга жетишсек, мындай механизм транспорттук аралыкты кыскартууга мүмкүндүк берет. Логистикалык чыгымдар жана жеткирүү мөөнөттөрү азаят, ал эми биз жеткирүүлөрдүн алдын ала болжолдонушун камсыздай алабыз», — деди Умурзаков.
Анын айтымында, биринчи кезекте Казакстан менен өкмөттөр аралык келишим түзүү зарыл. Анда мунайзат продуктуларынын жана заводдордун