Президент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирди

Кыргызстанда билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында жакын арада «Студенттик насыя» аттуу узак мөөнөттүү механизм ишке киргизилет. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн алдыдагы беш жылдык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктарын белгилеп жатып билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, алдыдагы жылдары жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат.
«Бул өз кезегинде мектептердеги билим берүүгө жаңы талаптарды коет. Мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат», – деди Жапаров.
Президент жаштарга сапаттуу жана эл аралык деңгээлдеги билим берүү шарттары түзүлөрүн да айтты.
«Биздин студенттер эл аралык деңгээлдеги жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Биз дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен биргелешкен кош диплом программаларын өнүктүрүп, ошондой эле Кыргызстанга таанымал эл аралык университеттердин филиалдарын ачуу үчүн шарттарды түзөбүз».
Ошондой эле Садыр Жапаров экономика үчүн зарыл болгон кадрларды даярдоодо кесиптик билим берүүнүн ролун белгиледи. Анын айтымында, лкутуу программалары эмгек рыногунун муктаждыктарына жараша иш берүүчүлөр менен биргеликте иштелип чыгат.
Мындан тышкары, ал өлкөгө жогорку квалификациялуу ата мекендик жана чет өлкөлүк академиялык адистер тартылып, алар үчүн жумуш орундары түзүлөрүн, мамлекеттик заказдар берилип, илимий изилдөөлөр каржыланарын жана турак жай маселелери чечилерин билдирди.