ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөт

22.10.2026 | 12:53
ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөт — Новости Кыргызстана

23–25-октябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт. Ошондой эле Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда жана Ысык-Көл облусунун Түп районунда -3…-5 градуска чейин үшүк жүрөт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градус болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай аба ырайы жыйнала элек жашылча-жемиштерге, казылып алынып бети жабылбаган картошкага жана кант кызылчасына коркунуч келтирерин эскертти. Мекеме дыйкандарды түшүмдү сактап калуу чараларын көрүүгө чакырды.

Теги: ӨКМ, үшүк
Scroll to Top