Эксклюзив

Революциялардын өлкөсүнөн эволюциянын өлкөсүнө карай: Султан Раев Кыргызстандын келечеги тууралуу

21.10.2026 | 13:52
Революциялардын өлкөсүнөн эволюциянын өлкөсүнө карай: Султан Раев Кыргызстандын келечеги тууралуу — Новости Кыргызстана

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев Reporter.kg басылмасына Кыргызстандагы өзгөрүүлөр, түрк дүйнөсүндөгү жасалма интеллекттин орду жана ата мекендик кинонун келечеги тууралуу айтып берди.

— Кыргызстанда Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) 15-пленардык жыйыны өтүп жатат. Анын биздин өлкө үчүн мааниси кандай?

— Түрк өлкөлөрүнүн парламентарийлеринин жыйындары жыл сайын өткөрүлүп турат жана быйылкы жолугушуу Кыргызстанда өтүүдө. Анда негизги темалар жасалма интеллект жана технологиялык өнүгүү болмокчу. Бул эки багыт тең бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу жана мыйзам чыгаруучулардын жигердүү катышуусун талап кылат.

Жасалма интеллект чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бирок ошол эле учурда белгилүү бир тобокелдиктерди да жаратат. Андыктан мыйзамдык жөнгө салуу зарыл. Бул жаатта парламентарийлер чоң роль ойнойт.

Бизге жалпы, макулдашылган мыйзамдар керек. Ар бир өлкө мындай чакырыктар менен өз алдынча күрөшүүсү оор, анткени бул глобалдык процесс болуп калды. Биз бирдиктүү көз караш иштеп чыгып, өз позициябызды так аныкташыбыз шарт.

Менимче, жыйындын жыйынтыгында парламент спикерлери кандай чечимдерге келишкенин, кайсы документтерди кабыл алуу пландалып жатканын жана кайсы маселелер мындан аркы талкууну талап кылаарын айтып беришет. Ошондуктан ТүркПАнын 15-жыйынынын Кыргызстанда өтүшү чоң мааниге ээ.

— Сиз көп саякаттайсыз жана Кыргызстандын кандай өзгөрүп жатканын көрүп турасыз. Быйыл өлкө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрдү, «Бишкек Аренаны» ачты, дүйнөлүк жылдыздарды тосуп алды. Республиканын өнүгүшүнө жана анын эл аралык аренадагы ордуна кандай баа бересиз?

— Бир кезде биз революциялардын өлкөсү элек, азыр болсо эволюциянын өлкөсүнө айланып баратабыз. Бизде экономика жана башка тармактар жигердүү өнүгүп жатат жана бул өзгөрүүлөрдү чет жерде да байкап жатышат.

Мен түрк мамлекеттеринде гана эмес, Европа, Америка өлкөлөрүндө да болом. Кайсы жерде болбосун, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу жакшы пикирлерди угам.

Менин көз карашымда, бүгүн Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинде, анын ичинде Борбор Азияда өнүгүү темпи боюнча алдыңкы орундарды ээлеп турат. Бул жерде, албетте, президенттин, өкмөттүн жана парламенттин эмгеги бар. Бул — системалуу иштин натыйжасы.

Мен Кыргызстан экономикалык өсүштүн алдыңкы катарында (авангардында) турат деп эсептейм. Өзүм бул жакка жылына бир нече жолу келип турам жана ар бир келген сайын өзгөрүүлөрдү байкайм: жолдор оңдолуп, үйлөр салынып, эл иштеп жатат.

Бирок эң негизгиси — Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн лидерлеринин бирине айланып, эл аралык аренада татыктуу ордун ээлей алат деген үмүт пайда болду. Ошондуктан экономикалык реформаларды улантуу зарыл.

— Ал эми Кыргызстандан көргөндөрүңүздүн ичинен сизди эң көп эмне таасирлентти?

— Баарынан мурда жолдор жана аэропорттор. Мен дайыма: «Ким жол курса, ошол келечекти курат» деп айтам.

Бизде жогорку сапаттагы жолдор, жаңы конуштар, турак үйлөр пайда болууда. Бишкектин көркү өзгөрүүдө. Бул өлкөнүн эмгек ресурстары жана өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрү бар экенин, демек, биз атаандаштыкка жөндөмдүү боло аларыбызды көрсөтүп турат. Бул мени абдан кубандырат.

Маданият адамы катары чыгармачылык чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү да көрүп жатам. Жаңы идеялар жаралып, кызыктуу долбоорлор ишке ашып, тасмалар тартылууда.

— Сиз «Айтматов» тасмасын көрдүңүз. Ал сизге кандай таасир калтырды?

— Бир кезде кинематографиябыздын тарыхында «кыргыз керемети» деп аталган мезгил болгон. Анын негизги шыктануу булактарынын бири Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы эле. Ал эми азыр жазуучунун өзү тууралуу тасма тартып жатабыз.

Айтматовдун тагдыры оңой болгон эмес, ал эми аны экранда чагылдырып берүү — чоң жоопкерчилик жана олуттуу милдет. Мен тасманы көрүп, жагымдуу таң калдым. Аны болгону 25 жаштагы жаш режиссер Каныбек Калматов тартыптыр. Абдан келечектүү жигит экен.

Фильмди көргөндөн кийин менде Кыргызстанда кинематографисттердин жаңы мууну жаралып жатат деген сезим пайда болду. Каныбек — дал ошол муундун бир өкүлү.

Буга чейин мен «Жусуп» тасмасын көргөм. Мен үчүн ал эски, классикалык кино мектебинин үлгүсү. Ал эми Каныбек таптакыр башка мектепти — келечектин мектебин көрсөтүп жатат.

Ойлоп көрсөңүз: адам 25 жашында ушундай тасма тартып койду! Мен ал тургай өзүм ал куракта эмне менен алектенип жүргөнүмдү ойлоп кеттим.

Биз дал ушундай жаштарды колдошубуз керек. Жаштарга көбүрөөк эркиндик, мүмкүнчүлүк жана чыгармачылык үчүн мейкиндик берүү зарыл. Албетте, фильмде дагы иштеп чыга турган жактары бар, бирок мен үчүн негизги нерсе тасманын өзү да эмес. Мен андан жаш режиссердун чоң дараметин (потенциалын) көрдүм. Бул болсо жакшы үмүт жаратат.

Мен Каныбек Калматов сыяктуу чыгармачыл адамдар кыргыз адабияты менен искусствосунда жаңы ренессанстын (кайра жаралуунун) пайдубалын түптөй алышат деп ишенем. Бизди алдыда чыныгы руханий жана маданий өсүш күтүп турат деген чоң үмүтүм бар.

Эльвира Сатыбекова

Анара Мамытова

Scroll to Top