Энеси мас көчөдө жатып калган. Караколдо суукка тоңуп калган бала табылды

Энеси мас көчөдө жатып калган. Караколдо суукка тоңуп калган бала табылды

Караколдо тоңуп калган балага милиция кызматкерлери жардам беришти. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы маалымдады.

Энеси мас болуп тышта жатып калган, ал эми баласы көчөдө тоңуп жүргөн жеринен милиция кызматкерлери тарабынан табылып, жардам көрсөтүлдү.

«Милицияны көчмө кабылдамасы менен кызмат өтөп жаткан Каракол ШИИБдин кызматкерлерине, шаардын тургуну кайрылып, көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда, узак убакыттан бери суукта, жашы болжол менен 6-7 жаштагы бала жүргөндүгүн билдирген. Аталган билдирүүгө, милиция кызматкерлери дароо чара көрүшүп, суукта жалгыз жүргөн баланы табышат. Бала сууктан ушунчалык үшүгөндүктөн, жакшы сүйлөй албай да калган.

Шаардык милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери балага ысык чай беришип, жылыгандан кийин, андан маалымат алууга аракет көрүштү. Жети жашар баланын айтымында, энеси көп убакыттан бери спирт ичимдиктерин ичип жүргөндүгүн, акыркы жолу чогуу баратканда, көчөдө мас болуп уктап калганын, бала болсо кетип, кайра келсе энеси жатып калган жеринде жок болуп чыкканы белгилүү болот.

Милиция кызматкерлери тийиштүү иш кагаздарын толтуруп, суукта табылган баланы балдар үйүнө убактылуу өткөрүп беришип, энесин издөөгө киришет. Көп узабай, энеси шаардын көчөлөрүнүн биринде мас абалында жүргөнү аныкталат. Баласы кайда жүргөндүгүн сурашканда, энеси акылга сыярлык жоопту кайтара алган жок», — деп маалымдашты облустук милиция.

Каракол ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тийиштүү иш кагаздарын даярдап, маселени мыйзам чегинде чечүү максатында мэриянын балдарды коргоо боюнча бөлүмүнө өткөрүп беришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>