Эр-Рияддын аэропортуна кол салуу: 12 адам каза болуп, 309у жаракат алды

10-октябрда Эр-Рияддагы Король Халид атындагы эл аралык аэропортко жасалган соккунун кесепетинен 12 адам каза таап, дагы 309 адам жаракат алды. Бул тууралуу 11-октябрда Сауд Арабиясынын Жарандык авиация башкы башкармалыгы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, набыт болгондордун төртөө Сауд Арабиясынын жарандары, ал эми сегизи чет элдиктер: экөө Бангладештин жараны, ошондой эле АКШ, Египет, Иордания, Сирия, Палестина жана Судандын жарандары.
Жаракат алгандар бир нече ооруканада дарыланууда. Алардын айрымдарынын абалы оор. Келтирилген материалдык зыяндын көлөмү такталууда.
Сауд Арабиясы башында турган араб коалициясынын өкүлү Турки аль-Малики Эр-Рияддын аэропортуна жасалган кол салуу жоопсуз калбай турганын билдирди.
«Аэропортко кол салуу эл аралык гуманитардык укукка ылайык аскердик кылмыш болуп саналат. Араб коалициясынын бириккен күчтөрүнүн колбашчылыгы бул террордук кол салууга эл аралык укуктук нормаларга ылайык катаал жооп кайтарат», — деп айтылат билдирүүдө.
Акыркы мезгилде Эр-Рияддын аэропорту йемендик хуситтер тарабынан бир нече ирет чабуулга кабылганы белгиленет.
Буга чейин ошондой эле Даммам аэропортуна жакын жерге снаряд түшкөнү кабарланган. Каза болгондор, жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн эмес.
Бул чабуулдар Йемендеги чыр-чатактын курчуп турган маалында орун алууда.