Анонимдүү даттануулар жана беш күндүк текшерүү: КРда буллингге каршы күрөштү күчөтүү сунушталууда

08.10.2026 | 09:28
Анонимдүү даттануулар жана беш күндүк текшерүү: КРда буллингге каршы күрөштү күчөтүү сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда билим берүү уюмдарында буллинг жана кибербуллинг боюнча даттанууларды кароонун бирдиктүү тартибин белгилөө сунушталууда. Депутат Улан Примовдун тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте мыйзамда «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн, ошондой эле билим берүү уюмдарынын билим алуучулар арасындагы кордоолордун (травля) алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча милдеттерин бекитүү каралган.

Мыйзам долбооруна ылайык, буллинг деп бир же бир нече билим алуучунун башка билим алуучуга карата физикалык, психологиялык, мүлктүк же башка зыян келтирген же келтириши мүмкүн болгон кайталанган, атайылап жасалган аракеттерин эсептөө сунушталууда. Мында катышуучулардын күчүнүн, мүмкүнчүлүктөрүнүн же абалынын тең эместиги милдеттүү белги болуп саналат.

Кибербуллинг интернетти, маалыматтык технологияларды жана башка санариптик каражаттарды колдонуу менен куугунтуктоо (кордоо) катары аныкталат.

Маалымкат-негиздемеде Кыргызстандын өспүрүмдөрү менен жаштарынын арасындагы онлайн-агрессия боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары келтирилген. Анда 128 окуу жайынан 9 жаштан 25 жашка чейинки 2 миң 96 адам катышкан.

Изилдөөгө ылайык, акыркы бир жыл ичинде сурамжылангандардын дээрлик ар бир экинчиси кибер-жек көрүү көрүнүштөрүнө туш болгон, ал эми респонденттердин 15–18%ы — дайыма кабылып келет. Ошол эле учурда изилдөөнүн авторлору өлкө боюнча репрезентативдүү маалыматтардын жоктугун белгилешет.

Буллинг же кибербуллинг болушу мүмкүн болгон фактылар жөнүндө билим алуучулар өздөрү, алардын ата-энелери, педагогдор жана билим берүү процессинин башка катышуучулары билдире алышат. Мында анонимдүү кайрылуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Мыйзам долбоору чара көрүүнүн так мөөнөттөрүн белгилейт:

  • билдирүү келип түшкөн күнү катталууга тийиш;
  • кырдаалга баштапкы баа берүү кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт;
  • даттанууну кароого беш жумуш күнүнөн ашык эмес убакыт берилет;
  • зарыл болгон учурда, себептерин жазуу жүзүндө негиздөө менен мөөнөт дагы беш жумуш күнүнө узартылышы мүмкүн.

Эгерде баланын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаралса, билим берүү уюму токтоосуз түрдө коопсуздук чараларын көрүүгө тийиш. Зарыл болсо, кырдаалга балдарды коргоо органдары, медициналык мекемелер жана укук коргоо органдары тартылат.

Даттанууларды кароодо бардык катышуучуларга басымсыз, коркутуусуз жана кемсинтүүсүз өз позициясын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек. Зарыл болгон учурда ишке психологдор, социалдык педагогдор жана башка адистер тартылат.

Кордоо жөнүндө кабарлагандарды коргоо өзүнчө каралган: аларды куугунтуктоого, коркутууга же кысым көрсөтүүнүн башка түрлөрүнө дуушар кылууга тыюу салынат.

Мында даттануунун келип түшүшү буллинг фактысы аныкталды дегенди билдирбейт. Болжолдуу мыйзам бузуучуга карата таасир этүү чараларын автоматтык түрдө колдонууга жол берилбейт.

Мыйзам долбоору ошондой эле жапа чеккен баланы элдешүүгө мажбурлоого тыюу салат. Мындай жол-жоболор ыктыярдуу түрдө жана катышуучулардын коопсуздугу камсыздалган шартта гана мүмкүн болот.

Эгерде билим берүү уюму кайрылууну белгиленген мөөнөттө карабаса же арыз ээси текшерүүнүн жыйынтыгына макул болбосо, ал билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрыла алат. Билим алуучуларга мамлекеттик органга түз кайрылуу укугу да берилет.

Мындан тышкары, мугалимдерди буллинг жана кибербуллинг учурларын аныктоого жана бул тууралуу билим берүү уюмунун жетекчилигине токтоосуз билдирүүгө милдеттендирүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун авторлору чара көрүүнүн бирдиктүү тартиби кордоо фактыларын өз убагында аныктоого жана билим алуучулардын коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деп эсептешет.

Мыйзам кабыл алынган учурда, ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Анара Мамытова

Scroll to Top