Таттуу түшүм: Кыргызстанда 650 миң тонна кызылча жыйноо пландалууда

Чүй жана Талас облустарында кызылча сезону кызуу жүрүп жатат. Талаалардан күн сайын миңдеген тонна түшүм ташылып, заводдор аны кумшекерге айлантууга даярданууда. Таттуу түптүү өсүмдүктү өстүрүү канча турат жана эмне үчүн бийлик импортту чектөөнү каалап жатат?

Бул аймактарда иш кызууда: дыйкандар кант кызылчасын жыйнап, жүздөгөн оор жүк ташуучу унаалар түшүмдү кайра иштетүүгө жеткирүүдө. Быйыл таттуу кызылча үчүн 11,8 миң гектар жер бөлүнгөн.

Аграрийлер 650 миң тонна кызылча жыйноону мерчемдеп жатышат. Бул былтыркы түшүмгө салыштырмалуу бир топ көп, анткени өткөн жылы жазгы жагымсыз аба ырайынан улам 550 миң тонна гана түшүм алууга мүмкүн болгон. Бирок болжол менен бир миллион тонна жыйналган 2024-жылдын көрсөткүчүнө жете элек.

Азыркы тапта талаалардан күн сайын 15тен 18 миң тоннага чейин кызылча чыгарылууда. Бул суткасына 700дөн 900гө чейинки жүк ташуучу унаанын каттамы дегенди билдирет. Унаалар узун кезекте туруп калбашы үчүн кабыл алуу пункттарында түшүм тапшырууну тездетүүгө багытталган электрондук кезек системасы киргизилүүдө.

Бирок кызылчанын ар бир тоннасынын артында бир нече айлык мээнет жана чоң чыгымдар жатат. Бир гектарга кызылча өстүрүү дыйканга 200 миң сомго чейин түшөт. Бул сезондо сатып алуу баасы тоннасына 5 500 сомду түзөт. Анын үстүнө дыйкандар менен эсептешүү акчага гана эмес: түшүмдүн баасынын 30%ы акчалай, ал эми калган 70%ы даяр кумшекер түрүндө берилет.

Андан ары кызылча кайра иштетүүчү эки ишканага — «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» заводдоруна жөнөтүлөт. Алар биргеликте суткасына 6,8 миң тоннага чейин чийки затты кайра иштетүүгө кудуреттүү.

Бул иштин артында бүтүндөй бир тармак турат. Жыл сайын 3 миңге жакын фермер кант заводдору менен келишим түзөт, ал эми жалпысынан кант кызылчасы өндүрүшүнө болжол менен 100 миңдей адам тартылган.

Кыргызстан үчүн кумшекер — бул жөн гана күнүмдүк керектелүүчү азык эмес, стратегиялык мааниге ээ болгон тогуз негизги тамак-аш продукциясынын бири. Өлкө жыл сайын 120 миң тоннадан ашык кумшекер керектейт, анын 60%га жакыны республиканын өзүндө өндүрүлөт.

Бирок жакшы түшүм туруктуу рыноктун кепили боло албайт. Быйыл бийлик ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында кумшекер импортун чектөө мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Бул чара жергиликтүү дыйкандарга жардам береби, Кыргызстан өзүн толук кумшекер менен камсыздай алабы жана баалар эмне болот? Бул суроолордун жообун жакында Reporter.kg’нин YouTube-каналынан «Кошой» заводунан даярдалган чоң репортаждан көрө аласыздар.
Анара Мамытова