Кыргызстанда көмүрдүн баасын кармап туруу үчүн дизелдик күйүүчү май ташууну субсидиялоо сунушталууда

Кыргызстанда «Кыргызкөмүр» ААК үчүн дизелдик күйүүчү майга бир литрине 92,85 сом өлчөмүндө туруктуу баа белгилөө сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, «Кыргызкөмүр» ААКка белгиленген баада дизель отунун «Кыргыз мунай корпорациясы» ЖЧКсы жеткирип берет. Бир литрине 92,85 сом болгон баага жеткирүү чыгымдары, салыктар жана милдеттүү төлөмдөр кошулган.
Ошол эле учурда импорттолгон күйүүчү майдын иш жүзүндөгү наркы менен аны ишканага сатуу баасынын ортосундагы айырманы республикалык бюджеттин субсидияларынын эсебинен камсыздоочу тарапка компенсациялап берүү сунушталууда.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, бул чара «Кыргызкөмүрдү» дизель отуну менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана көмүр казып алууга кеткен чыгымдардын өсүшүнө жол бербөө үчүн зарыл.
Мамлекеттик компенсациянын көлөмүн камсыздоочунун чыгымдарын жана кирешелүүлүгүн эске алуу менен импорттолгон отундун чыныгы наркы менен мамлекет тарабынан белгиленген сатуу баасынын ортосундагы айырмага жараша аныктоо сунушталат.
Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына субсидия алуучулардын эсеп-кысаптарын жана документтерин кошумча текшерүү укугун берүү сунушталууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ведомство ведомстволор аралык жумушчу топко компенсациянын өлчөмүн тактоо боюнча сунуштарды жөнөтө алат.
Анара Мамытова