«Бала менен ыктыярдуу жыныстык катнаш болбойт»: Бекешев жазаны жеңилдетүү жөнүндө

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин кайра карап чыгууга жана жеңилдетүүгө каршы чыкты. Ал өз позициясын социалдык тармактарда кесиптеши Айсара Абдибаеванын жакында айткан пикирине комментарий берип жатып билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева жашы жете электер менен жыныстык катнашта болуу үчүн жоопкерчилик тууралуу сөзү менен коомчулукта чоң талкуу жараткан. Ал мамиле эки тараптын тең ыктыяры менен болуп, ал эми бойго жеткен адам өнөктөшүнүн жашы жете электигин билбей калган учурлар үчүн мыйзамдарды кайра карап чыгууну сунуштаган. Депутаттын бул айтканы социалдык тармактарда кескин сынга кабылган.
Бекешевдин айтымында, мындай демилгелер кооптуу болушу мүмкүн, ал эми өз аракеттери үчүн жоопкерчиликти адам өзү тартышы керек.
«Мен 18 жашка чыга элек өспүрүм менен ыктыярдуу секс болбойт деп эсептейм. Жыныстык мүчөсү бар ар бир адам аны каякка тыгып жатканын ойлонушу керек жана жок дегенде өз органы үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш», — деди депутат.
Ал жашы жете электин жаш курагын билбей калуу жүйөсү жоопкерчиликти жеңилдетүүгө негиз болбошу керектигин белгиледи.
«”Мен анын бала экенин билген эмесмин” деген болбойт. Эгер биз азыр жоопкерчиликти азайта турган болсок — кудайга шүгүр, андай мыйзам долбоору жок, — бирок кокус кимдир бирөө мындай демилге көтөрүп чыкса, мен буга чечкиндүү түрдө каршы болом», — деди Бекешев.
Ошол эле учурда депутат мындай иштерде чагымчылдык жана кыянаттык кылуулар болушу мүмкүн экенин четке каккан жок, бирок, анын пикиринде, бул мыйзамдарды өзгөртүүгө себеп боло албайт.
«Кандай гана кылмыш болбосун, атайын уюштуруп, каралап коюуга болот. Жол кырсыгы болобу, баңгизат же тоноочулук болобу — айырмасы жок. Бирок бул дароо эле кылмыш жоопкерчилигин жеңилдетүү керек дегенди билдирбейт», — деди ал.
Бекешев ошондой эле депутаттарды кайтарып алуу (мандатынан ажыратуу) мүмкүнчүлүгүнүн тегерегиндеги талкууларга да токтолду. Анын айтымында, тиешелүү ченем Конституцияда каралган, бирок аны ишке ашыруу механизми жок. Ал мындай инструмент депутаттардын ачык билдирген позициясы үчүн аларга кысым көрсөтүү максатында колдонулуп калышы мүмкүн деп эсептейт.