Кыргызстанда беш жылда чекене соодадагы базарлардын үлүшү 38%дан 33%га чейин төмөндөдү

Кыргызстандыктар товарларды базарларга караганда дүкөндөрдөн көбүрөөк сатып ала баштады. Улуттук статистика комитетинин маалыматтары буга далил: чекене соодадагы базарлардын үлүшү 2021-жылдагы 38%дан 2025-жылы 33%га чейин азайган.
Улуттук статистика комитети чекене сооданы эки түргө бөлөт. Уюшкан соодага дүкөндөр, супермаркеттер жана башка соода уюмдары кирет. Ал эми уюшпаган соодага базарлардагы сатуулар кирет.
Уюшкан сооданын үлүшү 62%дан 67%га чейин өскөн. 2025-жылы бул тармактын соода жүгүртүүсү болжол менен 784 миллиард сомду түзүп, бир жылда 14,4%га көбөйгөн. Базарларда 382 миллиард сомдон ашык товар сатылган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 22,2%га көп.
Ошол эле учурда акыркы бир жылда базарлардын чекене соодадагы үлүшү бир аз өскөн: 2024-жылы 30,5% болсо, 2025-жылы 32,8%ды түзгөн.
2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 315 базар иштеген. Бир жыл мурда алардын саны 332 болгон. Базарлардын көбү Ош облусунда (71), Бишкек шаарында (64) жана Жалал-Абад облусунда (62) жайгашкан.