«Фантастиканы сүйлөбөйлүчү!». ӨКМ башчысы сел болгондо «тик учак кана?» деп сурагандарга жооп берди (видео)

«Фантастиканы сүйлөбөйлүчү!». ӨКМ башчысы сел болгондо «тик учак кана?» деп сурагандарга жооп берди (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Бишкекте өткөн маалымат жыйында Ноокатта сел болгондо «тик учак кана?» деп сурагандарга жооп берди.

Ал июндун аягында Ноокатта сел жүргөндө, 1300дөй адам Абшыр-Ата эс алуу жайында камалып калган учур тууралуу кеп козгоп, ошондо «тик учак кана?» деген суроолор жана сындар көп айтылганын эске салды.

«Тик учакка ашып кетсе 6 киши батат. 10 адам деп эсептегенде дагы тик учак 1300 кишини ташыш үчүн кеминде 130, андан көп дегенде 260 каттам жасашы керек болмок. Ал физикалык жактан да мүмкүн эмес. Тик учак гана куткаруу иштерин жүргүзөт, көрсөткүлө деген фантастикалык сөздөрдү сүйлөбөйлүчү! Тик учакка аз гана киши батат. Ошондой эле сел жүргөн маалда жаан-чачын болот, асманды булут каптайт, чагылган түшөт. Андай учурда тик учактын учурууга уруксат берилбейт. Бул — эл аралык эреже. Биринчиден биз уча албайбыз дагы, учсак дагы учкучтардын өмүрүнө жана кымбат техникага коркунуч жаратышыбыз мүмкүн. Күн ачылганга чейин тик учак уча албайт», — деди ал.

Эскерте кетсек, 28-июнда Ноокатта катуу жааган жаандын айынан сел жүргөн. Анын кесепетинен 10 адамдын өмүрү кыйылган, алардын ичинде жаш балдар да бар. Ошондой эле үйлөрдү суу каптап, 10дой турак жай жараксыз абалга келип, көпүрөлөрдү сел алган.

Андан тышкары Абшыр-Ата эс алуу жайында 1300 адам камалып калып, алар 29-июнда чыгарылган.

Сел болгон күнү «эмне себептен куткаруу иштерине тик учактар тартылган жок» деген сындар жаңырган. Айтылган сындардан кийин эртеси тик учактын бирөө Абшыр-Атадан бир нече жаранды эвакуациялоого колдонулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>