5-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондоруна кар жаайтЭкономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти
Садыр Жапаров Кара-Көл шаарына жаңы мэр дайындады
19.06.2026 | 10:31

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри алмаштырды. Тиешелүү тескемелерге ал бүгүн, 19-июнда, кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Азамат Турдубеков дайындалды.
Эске салсак, Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көлгө мэр болуп ушул жылдын 31-мартында дайындалган болчу. Ал эми жаңы дайындалган мэр Азамат Турдубеков буга чейин Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Мэр, Садыр Жапаров