Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Филармонияга 19,7 млн сомго музыкалык аспаптар сатып алынат
02.10.2023 | 09:20
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга 19 млн 723,9 миң сомго музыкалык аспаптар сатылып алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Музыкалык аспаптарды сатып алуу үчүн сынак 1-октярда жарыяланып, арыздар 13-октябрга чейин кабыл алынат.
Маалыматка караганда, филармонияга виолончель, саксофон, контрабас, чаймс жана башка ушул сыяктуу үйлөмө, урма жана чертме аспаптар, аларга керектүү шаймандарды сатып алуу пландалууда.
Сатып алынуучу аспаптардын арасында Apple MacBook ноутбугу бар. Аны 330 миң сомго сатып алуу каралган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом