Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Футбол курама тобунун жаңы гимнин даярдоого сынак жарыяланды
02.08.2024 | 11:40
Кыргызстандын Футбол биримдиги улуттук курама тобунун жаңы гимнин даярдоого сынак жарыялады.
Өлкө жарандарынын спортчуларды жеңишке шыктандырган жана күйөрмандарды бириктирген чыгарманы жаратуу менен кыргыз футболунун тарыхында атын калтыруу мүмкүнчүлүк жаралды.
“Кураманын гимнинин автору болуп, алдыдагы жеңиштерге салымыңды кош!”, – дейт Футбол биримдиги.
Сунуштарды электрондук дарекке (marketing@kfu.kg) жөнөтүп, 558 555 537 номуру аркылуу байланышууга болот.
Эскерте кетсек, улуттук кураманын гимни 2016-жылы пайда болгон. Аны Айым Айылчиева аткарып, сөзүн акын Кыялбек Урманбетов, музыкасын обончу Эрнест Жоошов жазган. Кураманын талисманы катары Ак шумкар кабыл алынып, команда өзү дагы ушунтип аталып келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом