Футбол: Олимпиадалык курама эртең Бангладеш менен ойнойт

Футбол: Олимпиадалык курама эртең Бангладеш менен ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча 23 жашка чейинки олимпиадалык курама командасы Непалда өтүүчү “Үч улуттун кубогу” аталышындагы эл аралык мелдешике катышат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курамында 22 футболчуну башкы машыктыруучу Нурбек Жолдошев жетектеп кетти.

Улуттук курама команда алгачкы оюнун эртең, 23-мартта Бангладеш менен өткөрөт. Оюн жергиликтүү саат менен 17:30га, Кыргызстандын убактысы менен 17:45те башталат.

Ал эми 25-мартта Непалга каршы оюн өткөрөт.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>