Баткен милициясы кызмат орундарына конкурс жарыялады

Баткен милициясы кызмат орундарына конкурс жарыялады

Баткен облусунун ишки иштер башкармалыгы облус аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

“Конкурска “Кыргызстандын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргызстандын мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейин мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн, же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес жарандар катыша алат”, — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер 19-апрелге чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен ОИИБнын кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

Дареги: Баткен шаары, Разаков көчөсү 4. Байланыш үчүн номерлер: 03622 5-02-75, 0773-977-789

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>