Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Гареев атындагы Ботаникалык бактын администрациясына таштандыларды топтогону үчүн айып пул салынды
09.10.2026 | 11:32

Бишкек жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы З. Гареев атындагы Ботаникалык бактын администрациясына тиричилик жана курулуш калдыктарын топтогону үчүн 17 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө калдыктар атайын белгиленбеген жерге топтолгону аныкталган. Бул аймактын санитардык жана экологиялык абалына терс таасирин тийгизген. Бул факты боюнча протокол түзүлгөн.
Айып пулдан тышкары, ботаникалык бактын администрациясына аймакты талаптагыдай санитардык абалга келтирүү жана аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: минприроды