Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Гарвардка окууганы кеткен Дастан Догоев министр болуп дайындалды
21.05.2021 | 09:37
Дастан Догоев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан 2020-жылдын 10-июнунда кеткен. Ал өз чечмин Гарвард университетинин мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасына тапшырганы менен байланыштырган. Ошол эле учурда кызматтан кеткени менен санариптештирүү маселеси боюнча президенттин кеңешчиси бойдон каларын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат