Google, Amazon, Meta компанияларында иштеген кыргыздын 7 уул-кызы

Google, Amazon, Meta компанияларында иштеген кыргыздын 7 уул-кызы

IT тармагындагы дүйнөлүк алп компанияларда эмгектенген көптөгөн кыргызстандыктар бар. Repоrter.kg Google, Amazon, Meta сыяктуу компанияларда иштеген кыргыздын 7 уул-кызы тууралуу баяндайт.

Жанар Осмоналиев

Жанар Бишкекте төрөлүп өскөн, Токмок  шаарындагы Түрк лицейин аяктаган. Андан кийин Түштүк Кореяда үч жыл информатика адистиги боюнча билим алып, акыркы курсунда университеттен алмашуу программасы менен Америка Кошмо Штаттарына көчүп кеткен. Учурда Силикон өрөөнүндө жашайт жана Мета компаниясында Frontend инженери болуп иштейт.

“Америкада адамдар дароо 50-100 компанияга резюме калтырышат, рефералсыз (компанияда сизди сунуш кыла турган адам) интервьюга чакыруу алуу абдан кыйын. Мен 5-7 ишканага кайрылдым. Метада иштеген бир досум рефералы менен бөлүштү. Андан кийин мен Метадан Frontend Developer кызматына интервьюга чакыруу алдым. Маектешүү процесси өтө узакка созулду, тактап айтканда, 2022-жылдын 24-январынан марттын аягына чейин болду”, — дейт ал.

Жанар ошондой эле, ишинде тапшырмалар оор, бирок шарттары эң жогорку деңгээлде экенин кошумчалады. Ал белгилегендей, атайын автобус кызматкерлерди ишине ташыйт. Жыл бою компания кызматкерлеринин физикалык жана психикалык ден соолук үчүн каражат бөлүп турат.

Асылбек Жунусов

Асылбек Ош шаарынан, тагыраагы Мырза-Аке айылында туулган. Ал 2016-жылы Эл аралык Ала-Тоо университетин аяктап, Лос-Анжелесте магистратурада окуган. Асылбек Колифорниядагы Уэстклифф университетинен MBA даражасын алган. Жети тилде (кыргыз, орус, казак, өзбек, англис, түрк, немис) эркин сүйлөйт.

2018-жылы Volvo Cars жана Walmart инженердик компаниясында иштеген. Буга чейин ал эки жолу Фейсбук компаниясына ишке орношууга аракет кылган, бирок ийгиликтүү болгон эмес. Үчүнчү жолу Фейсбук компаниясы өзү Асылбек менен байланышып, интервьюдан өтүүнү сунуштаган. Walmart компаниясы бонустарды жана акцияларды сунуш кылганына карабастан, ал башка чөйрөдө өнүгүүнү чечкен. Ал учурда көз айнектерин жасаган Oculus VR компаниясынын Meta тобунда программист болуп иштейт.

Жамал Жаныбек

Жамал 2010-жылы Бишкектеги «Айчүрөк» түрк-кыргыз кыз-келиндер лицейин аяктагандан кийин дароо АКШга билим алуу үчүн кеткен. Ал 2015-жылы UC Berkeley университетин экономика жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча илим адистиги боюнча аяктаган. Учурда YouTube’да Продукт менеджери болуп иштейт. Анын милдети Youtube сайтында сатып алуучулардын санын көбөйтүү.

Таалай Жумабаев

Кыргызстандык Таалай Жумабаев Google компаниясынын улук программисти. Санкт-Петербург мамлекеттик университетин “математик-программист” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Кембридж шаарындагы Европалык биоинформатика институтунда стажировкадан өткөн. Окуу жайды бүтүргөндөн кийин 4 жыл Москвадагы инвестициялык банктардын биринде стратегиялык долбоорлордун үстүндө иштеген. Кийин ал жактан кызматтан көтөрүлүп, банктын Нью-Йорктогу кеңсесине которулган. Андан соң 2019-жылы Google компаниясына жумушка кирген. Учурда аталган компанияда улук программалык камсыздоо инженери болуп иштейт.

Гүлзина Куттубекова

Гүлзина Талас облусунун Манас районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында туулуп-өскөн. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз. Беш тилде (кыргыз, орус, англис, немис жана түрк) эркин сүйлөйт.2012-2016-жылдары Анкарадагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинде (METU) математика боюнча билим алган. Окуудагы мыкты жетишкендиктер үчүн 100% арзандатуу алган. 2019-жылы АКШнын Айова штатындагы университетинде статистика боюнча магистрдик диссертациясын коргоп, ал жакта да бекер окуган.

Ал акыркы жети жылдан бери Америка Кошмо Штаттарында жашайт. 2021-жылдан бери Фейсбуктун Менло Парктагы штаб-квартирасында маалыматтарды анализдөө боюнча адис болуп иштейт.

Алия Рысбек

Google Deepmind’де программист болуп иштейт. Google’да иштөөнүн бала кезинен бери кыялданып келген. Ал жумуш издеп жүргөн учурда ар түрдүү компанияларга 100дөн ашык билдирүү калтырып, анын 70инен ашыгы жумушка ала албайбыз деп жооп берген. Ошентсе да моюн сунуп отуруп калбастан, ал өзү самаган ишке орношуу оюнан кайткан эмес.

Мындай өжөрлүктүн аркасы менен Google Deepmind, Facebook, Cisco жана Bloomberg компанияларынан сунуш алган. Бирок алардын ичинен Google Deepmind’ды тандап алган.

Илим Султанов

Илим Бишкекте көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. 9-класска чейин Илим Бишкектеги №24 мектепте окуган. 2013-жылы 15 жашында FLEX программасына тапшырган. Ага өтүү үчүн интенсивдүү сабактарга катышкан. Натыйжада Илим Вашингтондогу Сиэтл шаарына жөнөтүлгөн.Америкалык мектепте бир жыл окугандан кийин Илим АКШда жашоону чечип, Нью-Йоркко көчүп кеткен. Ал жактан Джон Джей Криминалистикалык Укук Колледжине жазык укугу боюнча адистикке тапшырган. Ал жерде 2,5 жыл окуган. Колледжде окугандан кийин Илим Гарвардга тапшырууга жетишкен.

2021-жылдын март айында, Гарвардды аяктагандан бир жыл өткөндөн кийин, Илим Amazon компаниясына адам ресурстары боюнча улук жардамчы (Sr. HRA) болуп ишке орношкон. Учурда ал бул кызматта ишин улантууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>