Чүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалды
Грузиянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
10.06.2026 | 17:40

11-13-июнь күндөрү Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келет. Сапар КРдин президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ишке ашат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кобахидзенин иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, анда кыргыз-грузин кызматташтыгын өнүктүрүү жана кеңейтүү маселелери талкууланат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы укуктук базаны чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Бул сапар эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары катары тарыхый мааниге ээ.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Грузия, премьер-министр