Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлчүлүгүн ачуу демилгесин көтөрдү

10.06.2026 | 17:26
Бактыбек Чойбеков

Ал бул сунушун Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, акыркы жылдары өлкөдө онкологиялык, жүрөк-кан тамыр, бөйрөк жана боор оорулары менен жабыркаган жарандардын саны кыйла көбөйгөнүн белгиледи. Анын айтымында, көптөгөн кыргызстандыктар дарылануу үчүн чет өлкөлөргө, айрыкча Түркия менен Индияга барууга аргасыз болууда.

Депутат белгилегендей, бейтаптар чоң каржылык чыгымдарга, тил маселесине жана логистикалык кыйынчылыктарга туш болушууда. Ошондой эле ортомчу компаниялар өз кызматтары үчүн 4–5 миң долларга чейин акы алышууда.

Чойбеков Кыргызстан чет өлкөлөрдө күч түзүмдөрүнүн өкүлчүлүктөрү бар экенин, бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлчүлүгү жок экенин айтты. Анын пикиринде, Түркияда мындай өкүлчүлүктү ачуу жарандарга керектүү жардам көрсөтүүгө, бейтаптарды каттоого алууга жана оорулардын көбөйүү себептерин талдоого мүмкүндүк берет.

Ал бул маселени тез арада карап чыгып, Түркияда өкүлчүлүк ачуу толук мүмкүн экенин белгиледи.

Scroll to Top