Бекешев окуучуларды алты күндүк окууга өткөрбөөнү суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында ал Министрлер кабинети жакында мектептерди беш күндүк окуудан алты күндүк окуу режимине өткөрүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарганын эске салды.
Депутаттын айтымында, бул демилге ата-энелер, мугалимдер жана окуучулардын өздөрү тарабынан кескин терс кабыл алынды. «Алар таптакыр каршы», — деп белгиледи Бекешев.
Ал болжол менен он жыл мурун өлкө чоң кыйынчылык менен алты күндүк окуудан беш күндүк окууга өткөнүн айтып, кайра мурдагы система кайтуу туура эмес экенин билдирди. Депутат ошондой эле өз позициясын билдирип, Министрлер кабинетине жана агартуу министрине расмий кат жолдогонун кошумчалады.
Альтернатива катары Бекешев окуу жылын 8-сентябрдан баштоону карап көрүүнү сунуштап, ошол убакка чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктарын белгиледи.
«Чоң өтүнүч — мугалимдердин, ата-энелердин жана окуучулардын пикирин эске алыңыздар», — деп кайрылды ал өкмөткө.