Кыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылдыАлмаз Насыров: Өздүк технологиялары жок бай кен байлыктар — бул мүмкүнчүлүк эмес, тузакКыргызстандын соттору кагаз түрүндөгү чакыруулардын ордуна SMS-билдирүүлөргө өтөтЭксперт: Кыргызстан жер казынасынан жүз миллиарддаган сом киреше таба алат — бирок стратегиянын жоктугу тоскоол болуудаЧүй облусунун капчыгайында чет элдик жарандын сөөгү табылды – чоо-жайыСадыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштады
Хабиб Нурмагомедов машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет
26.11.2020 | 11:11
Орусиялык мушкер, UFC’нин чемпиону Хабиб Нурмагомедов машыктыруучусу Хавьер Мендес менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу машыктыруучусу Мендес Инстаграм баракчасына жазган.
Мендес менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.
«Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам. Анда көк бөрү оюнун да көрсөк», — деди Мендес.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
UFC чемпиону да Инстаграм баракчасынын тарыхча (сторис) бөлүмүнө «Жакында Кыргызстанга барам» деп жазган. Бирок чемпион кайсы күнү келерин айткан эмес.

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылдын январь айында атасы Абдулманап Нурмагомедов менен чогуу келип кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт