“Хизб-ут-Тахрир”: “Аялдар канатынын” жашыруун ячейкасы табылды

“Хизб-ут-Тахрир”: “Аялдар канатынын” жашыруун ячейкасы табылды

“Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун “аялдар канатынын” жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 1-апрелде Кыргызстанда  тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган үйлөрүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.                                                                Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 57 экстремисттик багыттагы диний адабияттар (“Ислам түзүмү”, “Хизб-ут-Тахрирдин жайлуу нускасы”, “Халифалык мамлекеттин жихазы”, “Башкаруу жана идора”, Ислам экономика түзүм», «Ислам нафсиа») негездери», «Аль-Ва’и», «Ислам нафсиа негздери», «Ислам мамлекети» ж.б.) 15 экстремисттик баракча, 10 уюлдук телефон жана 9 конспект табылып алынды.

«ХТИ» ДЭУнун ячейка мүчөлөрүн тезистери үйрөтүү “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун электрондук китептери жүктөлгөн мобилдик тиркемелерди жана смартфондорду колдонуу аркылуу да жүргүзүлгөн.
 

Алынган материалдардын негизинде комплекстүү диний-лингвистикалык экспертиза дайындалды.

Учурда УКМКнын тергөө органдары тарабынан кылмыш ишинин материалдарына катышкан бардык адамдардын өздүгүн аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>