Бүгүн, 10-ноябрда Япониянын өкмөтү курамы менен отставкага кетти. Бул туурасында Известия жазып чыкты.
Андагы маалыматтарга караганда, Либерал-демократиялык партиясынын президенти Фумио Кисида премьер-министр болоору күтүлүүдө. Анткени, аталган партия парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, башмыйзам боюнча көпчүлүк добушка ээ болгон партиянын лидери өкмөт башчысы болот.
Японияда 465 депутаттык орун болсо, Либерал-демократиялык партиясы 261 орунуна ээ болду.