Кыргызстан санкция тобокелдиктери бар компанияларды жана банктык эсептерди жабууда

Кыргыз Республикасы санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чараларын күчөттү. Ошондой эле өлкө Европа Биримдиги, Улуу Британия жана АКШ тарабынан салынган санкциялык чектөөлөрдү көңүлгө алып, республика аймагы жана анын каржы инфраструктурасы санкцияларды кыйгап өтүү үчүн колдонулбашы керектигин билдирди. Бул тууралуу КРдин экономика министрлиги жарыялады.
Мекеме санкциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелери президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө турганын билдирди. Ошондой эле мамлекеттик органдарга тобокелдиктерди аныктоо жана аларга бөгөт коюу милдеттери жүктөлгөн.
Ыйгарым укуктуу органдардын маалыматында, 2026-жылдын 20-октябрына карата төмөнкү санкциялык тобокелдиктерди азайтуу иштери жүргүзүлгөн:
- 52 юридикалык жак өз ишмердүүлүгүн токтоткон;
- учурда 57 юридикалык жакты мажбурлап жоюу (ликвидация) процедуралары жүрүп жатат;
- мамлекеттик банктар тарабынан 240тан ашык эсеп жабылган.
Министрлик A7 тармагы жана A7A5 стейблкоинине байланыштуу субъектилерге карата чаралар көрүлүп, Финкөзөмөл айрым катышуучулардын лицензияларын чакыртып алганын, ал эми Министрлер кабинети бир катар уюмдарды жоюу чечимин кабыл алганын билдирди. Ал эми башка шектүү субъектилер боюнча материалдар текшерүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдар чек ара аралык төлөмдөрдү талдап, түпкү бенефициарларды жана тобокелдиги жогору операциялардын экономикалык маңызын аныктоо иштерин улантып жатканы айтылды. Ошондой эле банктык көзөмөлдү күчөтүү, виртуалдык активдер чөйрөсүндө санкциялык скринингди өркүндөтүү жана тобокелдиктүү операцияларды аныктоо боюнча кошумча механизмдер иштелип чыгып жатканы айтылды.