«Кимчи»: Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

29.10.2026 | 11:11
«Кимчи»: в Бишкеке пройдет фестиваль корейской культуры и национальной кухни — Новости Кыргызстана

7-ноябрда Бишкек шаарында Курманжан датка эстелигинин жанындагы аллеяда корей маданиятын жана улуттук ашканасын таанытууга арналган «Кимчи» фестивалы өтөт. Иш-чара саат 11:00дө башталып, 16:00гө чейин уланат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Фестивалда коноктор кимчи тамагынын даамын татып, аны жасоо боюнча мастер-класстарды көрө алышат. Ошондой эле корейлердин салттуу кийими ханбокту кийип көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Мэрия бардык каалоочуларды иш-чарага катышууга чакырат.

Фестиваль мэриянын колдоосу менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги уюштурууда. Анын максаты — шаар тургундары менен конокторун Кореянын маданияты жана ашканасы менен тааныштыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү болуп саналат.

Scroll to Top