Таласта курулуш министри Орунтаев подрядчы менен кайым айтыштыКыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылат
Коргоо министр: Казакстанда террордук чабуул болуп жатканы анык
07.01.2022 | 12:31
Кыргызстандын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Казакстанда терроризм болуп жатканы анык экенин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал, “ушул тапта казак аскерлеринин башын кесип жатат. 20дан ашык күч органдарынын кызматкерлери өлтүрүлдү. 28ге жетти. Басымдуусу күч түзумдөрүн өлтүрүп жатышат. Түшүнүп жатасызбы? Демек, терроризм болуп жатканы аныкталган” – деди.
Эгерде парламент бул маселени колдой турган болсо, өздүк курамдан 150 аскер, 8 брондолгон техника, 11 автомобилдик техника жөнөтүлөт. Ушул тапта Жогорку Кеңеш бул маселени жабык карап жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат