Кезексиз жыйын: Армияны киргизгенден бөлөк жолу жокпу? Жооп

Кезексиз жыйын: Армияны киргизгенден бөлөк жолу жокпу? Жооп

Армияны киргизгенден башкача тарых жаралып калбайбы? Гуманитардык жардам көрсөтүп, же башкача жардам көрсөтсөк эмне болот? Бул суроолорду Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев күч түзүмдөрдүн башчысына берди?

Коргоо министр Бактыбек Бекболотов гуманитардык жардам менен чектелип калбоонун жол-жоболорун түшүндүргөнгө аракет жасады.

“ЖККУнун чечимине байланыштуу Белоруссиянын, Армениянын, Орусиянын жоокерлери Казакстанга кирди. Биздин жоокерлер даяр турат. Биз алардын өлүү же тирүү калаарына кепилдик бере албайбыз. ЖККУнун атайын келишимдерине кол койгондон кийин эл аралык деңгээлде өзүбүздүн абройубузду түшүрбөшүбүз керек. Мүчө катары ошол талаптарды аткарышыбыз керек. Азыр Тажикстан даяр. Жогорку Кеңештин, Сиздердин гана чечимиңизди күтүп жатабыз” – деди министр.

Эгерде парламент бул маселени колдой турган болсо, өздүк курамдан 150 аскер, 8 брондолгон техника, 11 автомобилдик техника жөнөтүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>