Токаев митингчилерди атууга буйрук берди

Токаев митингчилерди атууга буйрук берди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев укук коргоо органдарына, армияга эскертүүсүз ок чыгарып өлтүрүүгө буйрук берди. Бул туурасында маалымат akorda.kz сайтына жарыяланды.

Анда, “мен укук коргоо органдарына, армияга эскертүүсүз  ок чыгарып, өлтүрүүгө буйрук бергем. Айрым чет элдиктер маселени сүйлөшүү, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырып жатышат. Кылмышкерлер, канкорлор менен кантип сүйлөшүүгө мүмкүн?  Биз үчүн жергиликтүү жана чет элдик куралдуу жана машыккан бандиттер менен күрөшүүгө туура келди. Албетте, бандиттер жана террористтер менен. Ошондуктан, аларды жок кылуу керек. Жана бул жакын арада ишке ашырылат. Бул милдетти аткарууга укук тартибин сактоочу күчтөр моралдык жана техникалык жактан даяр” – деп айтылат билдирүүдө.

ЖККУ мүчө өлкөлөрү куралдуу аскерин Казакстанга киргизип жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>