Кыргыз-казак чек арасы: Эки чек ара пунктунан башкасы жабылды

Кыргыз-казак чек арасы: Эки чек ара пунктунан башкасы жабылды

Бүгүн, 7-январда,  казак тараптын демилгеси менен бир тараптуу Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей жаткандыгына байланыштуу Чүй облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы «Кордай-авто жол» (РК) — «Ак-Жол-авто жол» (КР), «Карасу-авто жол» (РК) — «Ак-Тилек-авто жол» жана Ысык-Көл облусундагы «Кеген-авто жол» (РК) — «Каркыра-авто жол» өткөрүү жайларынан жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бул туурасында Чек ара кызматы маалымдайт.

2022-жылдын 7-январы саат 14.00 карата COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында Чүй облусунда «Чалдыбар-авто жол» жана Талас облусунда «Чоң-Капка-авто жол» өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатышат.

Ошону менен бирге Кыргызстанда жүргөн Казакстандын жарандары «Ак-Жол-авто жол» (КР) — «Кордай-авто жол» (РК), «Ак-Тилек-авто жол» (КР) — «Карасу-авто жол» (РК) жана «Каркыра-авто жол» (КР) — «Кеген-авто жол» (РК) өткөрүү жайлары аркылуу чыкса болот.

Ал эми Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары Чүй облусундагы «Чалдыбар-авто жол» жана Талас облусунда «Чоң-Капка-авто жол» өткөрүү жайлары аркылуу гана кире алышат.

Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары Казакстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө транзиттик каттоосуна убактылуу тыюу салынды.

Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайларда жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал 2022-жылдын саат 14.00 карата туруктуу деп мүнөздөлөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>