Кыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салынды

Кыргызстанда «нөл цикли» бүтө элек, башкача айтканда, пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук аяктай элек имараттардан батир сатууга жана аларды жарнамалоого тыюу салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев бекиткен бул буйрук жарандардын каражаттарын коргоого жана курулуш баштала элек объекттерге акча салуудагы тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
Ага ылайык, имараттын «нөл цикли» бүткөнгө чейин куруучуларга төмөнкү иш-аракеттерди кылууга тыюу салынат:
- турак жана турак эмес жайларды сатууга;
- үлүштүк катышуу, алдын ала келишимдерди жана курулушка жеке же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуучу бүтүмдөрдү түзүүгө;
- курулуш объектилерин жарнамалоого.
Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жарнама жайгаштыруу, сатууну баштоо жана акча каражаттарын тартуу фактыларын көзөмөлдөп, эреже бузгандарга чара көрөт.
Мекеменин маалыматында, учурда курулуш компанияларына эскертүүлөрдү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.