Жалал-Абад: Ветеринардык кызматтын жетекчиси кармалды (ВИДЕО)

Жалал-Абад: Ветеринардык кызматтын жетекчиси кармалды (ВИДЕО)

Жасалма ветеринардык документтерди колдонуу менен бодо малды жана майда мүйүздүү малды республиканын чегинен тышкары алып чыгуу (экспорттоо) боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында Улуттук коппсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган схемага Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Ш.Н.Т.нын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды.

Тактап айтсак, аталган Ш.Н.Т. акчалай сыйлык үчүн мал-жандыктарын сыртка чыгаруу менен алек болгон жеке адамдарга форма-1 үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү 21 күндүк карантинди жана термометрия процедураларын өткөрбөстөн, ошондой эле мал-жандыктардын бруцеллез жана туберкулез боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү диагностикалык текшерүүнүн талаптарын одоно түрдө бузуу менен берип тургандыгы аныкталган.

Ш.Н.Т. жана аталган схеманын башка катышуучулары 100 миң сомдон ашык өлчөмдөгү келишим боюнча макулдашып жатышкан учурда кармалышты.

Кармалгандар Жалал-Абад шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>