Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Президенттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болду
04.10.2026 | 14:30

«Кыргыз почтасы» ААКсынын акцияларынын контролдук пакети Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Жарыяланган маалыматка ылайык, Президенттин Иш башкармалыгы компаниянын 4 669 737 даана жөнөкөй акциясына ээ болду. Бул уставдык капиталдын 83,02%ын түзүп, акциялардын жалпы наркы 2 334 868 500 сомду түзөт. Буга чейин аталган үлүш Санариптик өнүктүрүү министрлигине таандык болгон. Министрлик «Кыргыз почтасынын» акционерлеринин курамынан толугу менен чыкты.
Менчик түзүмүндөгү өзгөрүүлөр 2026-жылдын 29-сентябрында болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кыргызпочтасы