Такси айдоочулары менен курьерлерден 7 айда 462 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмү түштү

2026-жылдын 7 айында такси жана курьердик кызмат көрсөткөн жарандардан мамлекеттик бюджетке жана социалдык камсыздандыруу тутумуна жалпы 462 млн сом келип түштү. Бул тууралуу 28-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Анын айтымында, 462 млн сомдун 231 млн сому салык катары, ал эми 231 млн сому камсыздандыруу төгүмү катары төлөнгөн. Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып маалыматтык системалар аркылуу иштеген жеке жактар 1 пайыз киреше салыгын жана 1 пайыз камсыздандыруу төгүмүн төлөп келишет. Ысабеков бул төгүмдөр алардын пенсиясына чегерилерин билдирди.
Ошондой эле орун басар бүгүнкү күндө бул чөйрөдө 110 миң адам иш алып барып жатканын маалымдады. Салык кызматы 11 компания менен иштешип жатат, алардын катарында «Яндекс Такси», «Жорго Такси», «WB Такси», «Байбол Такси», «Аргымак Такси», «Додо Пицца» жана «Яндекс Go» бар.
Анын айтымында, бул система киргизилгенге чейин такси кызматын патенттик негизде көрсөткөндөрдөн жылына 40 млн сомдун тегерегинде гана салык чогултулуп турган.