Азия чемпионаты: Кыргызстандын курама командасы 7 байге утту

Азия чемпионаты: Кыргызстандын курама командасы 7 байге утту

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чепионатында 7 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, чемпионат 19-январда башталган. 22 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Коло байгенин ээлери:

Ислам Торобаев (54 кг), Аскат Култаев (63,5 кг), Ихтияр Нишонов (67 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Нурсултаев Болотбаев (86 кг), Бакыт Токтосун уулу (92 кг) и Ооматбек Элчоро уулу (92 кг жогору).

Белгилей кетсек, спортчулар улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында чемпионатка катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>