Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Шайлоо – 2021: шайлоого 15 партия аттанмай болду
01.09.2021 | 18:06
Борбордук шайлоо комиссиясы 3- сентябрга чейин шайлоого катыша турган партиялардын билдирүүлөрүн кабыл алуусун улантууда. Бүгүнкү күнгө карата жалпы жонунан 15 партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосуна катышуу ниетин билдирди.
БШКга кайрылган партиялардын тизмеси:
- “Социал-демократтар” партиясы;
- “Улуттар биримдиги” партиясы;
- “Ишеним” партиясы;
- “Кыргызстандын жашылдар партиясы”;
- “Жаратман эл” партиясы;
- “Альянс” партиясы;
- “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”;
- “Ата Мекен” партиясы;
- “Ыйман Нуру” партиясы;
- “Эл үмүтү социалдык саясий партиясы”;
- “Актив” партиясы;
- “Бийлик элге” партиясы;
- “Акыйкат Кыргызстан” партиясы;
- “Ар-Намыс” партиясы;
- “Альянс Кыргызстандын саясий күчтөрү” партиясы.
Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага катыша турган партиялар билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь күнү саат 18:00гө чейин тапшырышы зарыл. Ал эми шайлоо жаңы Конституцияга ылайыкталып жана кайра иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Депутаттардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат