Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Орусия, Абхазия номурларын таккан унаалар текшерилет
09.09.2021 | 16:47
Бишкек шаарында 9-11-сентябрь аралыгында “Транзит” аталышындагы рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу милициянын Кайгуул күзөт башкармалыгы билдирди.
Маалыматта, “Транзит” рейди чет элдик жана транзиттик номер тагып жүргөн айдоочуларды, ошондой эле башка эрежелерди бузгандарды аныктоого багытталганы айтылат.
Эреже бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Эреже мыйзамга ылайык протокол түзүлөрү белгиленди.
Эстете кетсек, Бишкек шаарында Орусия, Абхазия жана Казакстандын номурлары тагылган унаалар көбөйүп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом