Кыргызстанда технологияларды жаратуучулардын башын бириктирген алгачкы «КурултAI» өттү

«Яндекс Кыргызстан» тарабынан Бишкекте уюштурулган биринчи «КурултAI» иш-чарасына 130дан ашык иштеп чыгуучулар, продукт аналитиктери, IT-инженерлер, студенттер жана IT-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. «Яндекс Кыргызстандын» башкы директору Тилек Сулайманов компаниянын өлкөдөгү технологиялык экотутумунун өнүгүшү тууралуу айтып берсе, ал эми Yandex Qazaqstan’дын эл аралык долбоорлорунун тимлиди (команда жетекчиси) Алибек Намазбаев «Яндекстин» AI-өнүмдөрүн өнүктүрүү жана «Алиса» ЖИ-ассистентинин (жасалма интеллект ассистентинин) эл аралык рыноктор үчүн локализацияланышы (ылайыкташтырылышы) жөнүндө маалымат берди.
«Яндекс Кыргызстандын» башкы директору Тилек Сулайманов «Яндекстеги» өзүнүн таржымалы менен бөлүшүп, Бишкектин көчөлөрүндө алгачкы брендделген унаалар пайда болуп, такси ишке кирген учурдан тартып бүгүнкү күнгө чейин компания басып өткөн жол тууралуу айтып берди.
«Бүгүнкү күндө Яндекс Go шаардык милдеттерди чечүү үчүн 10дон ашык сервисти бириктирет. Технологиялардын жардамы менен биз жолдорду тыгындардан бошотууга, тамак-аш, посылка жана жүктөрдү жеткирүүгө, ошондой эле "Бери заряд" сервисинин аркасында дайыма байланышта болууга жардам беребиз. Биз ыңгайлуу альтернативдүү каттамдарды сунуштайбыз жана сапар учурунда колдонуучулар менен айдоочулардын коопсуздугуна кам көрөбүз. Мунун баары – сервистерди жакшыртуу жана өнүктүрүү, жергиликтүү рынокко эң мыкты технологияларды алып келүү жана алардын масштабын кеңейтүү үчүн күн сайын талыкпай эмгектенген чоң команданын салымы», — деди Тилек Сулайманов.
Yandex Qazaqstan’дын «Алиса» жана «Акылдуу үй» (Умный дом) тестирлөө кызматынын эл аралык долбоорлорунун тимлиди Алибек Намазбаев ЖИ-ассистентинин тестирлөөчүсү (сыноочусу) эмне менен алектенери жана «Алисаны» жаңы тилдерге кантип үйрөтүшөрү тууралуу айтып берди.
«Бул иштеги эң сонун нерсе – бул маданият менен технологияны айкалыштыра алган адамдар. Биз орусча "Алисаны" жаңы тилге жөн эле которуп койбостон, ичинде ошол эле технологиялары бар, бирок үнү, мүнөзү жана контексти башкача болгон жаңы ассистентти кайрадан иштеп чыгабыз. ЖИ-ассистенттин маданий адаптациясы – бул үзгүлтүксүз процесс. Эгерде сиздер ушундай милдеттердин үстүндө иштөөнү кааласаңыздар, биздин командада көргөнүбүзгө кубанычта болобуз», — деп кайрылды конокторго Алибек Намазбаев.
Спикерлердин сөзүнөн кийин IT-жолугушуу бейформал нукта – жандуу нетворкинг жана музыкалык программа менен уланды.