Бишкек – Балыкчы поезди 13-14-июнда пляжга чейин барбайт

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 13-14-июнь күндөрү «Бишкек-2 – Балыкчы пляж – Бишкек-2» жүргүнчү поездинин кыймылына убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдады.
Аталган күндөрү поезд «Балыкчы пляж» токтоочу пунктуна чейин барбастан, Балыкчы бекетине чейин гана каттайт. Бишкекке кайтуучу каттам да Балыкчы бекетинен жөнөйт. Бул өзгөрүү Балыкчы пляж аймагындагы шашылыш иш-чараларга байланыштуу.
Мындан улам билеттерди ticket.railway.kg сайты жана railway.kg тиркемеси аркылуу сатып алууда бара турган жер катары «Балыкчы бекетин» тандоо зарыл.
Ишкана ошондой эле жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн Балыкчы шаарынын мэриясы кошумча транспорт уюштурганын билдирди. Поезд келгенде жүргүнчүлөр бекеттен шаардык пляжга жеткирилет. Ал эми кечкисин пляждан бекетке чейин ташуу иши камсыздалат. Ишкана жүргүнчүлөрдөн сапарларын ушул маалыматты эске алуу менен пландаштырууну суранат.