Казакбаев АКШда. Эмне тууралуу сүйлөштү?

Казакбаев АКШда. Эмне тууралуу сүйлөштү?

Нью-Йорк шаарында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу жана Президенттин улуттук коопсуздук боюнча улук жардамчысы Эрик Грин менен жолугушту.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «С5 + 1» форматындагы министрлер жолугушуусунун жыйынтыктарын, ошондой эле эки тараптуу мамилелердин башка актуалдуу маселелерин жана регионалдык күн тартибин талкуулашты.

Америкалык тарап Кыргызстанга COVID-19га каршы вакциналарды кошумча берүүгө, ошондой эле демократиялык институттарды андан ары бекемдөө менен бирге ар түрдүү чөйрөлөрдө мындан ары кызматташууга даяр экендигин жарыялады.

Кыргызстанда афгандык студенттерди кабыл алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер позитивдүү кабыл алынып, кыргыз тарабы студент аялдарды кабыл алууга артыкчылык бериле тургандыгын белгиледи.

Өз ара пайдалуу, айрыкча соода-экономикалык чөйрөдөгү долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу үчүн тыгыз байланышта болуу жөнүндө келишүүлөргө жетишилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>