Ички чарбалык каналдарды өз убагында тазалабаган жетекчилердин жоопкерчилиги каралат

Ички чарбалык каналдарды өз убагында тазалабаган жетекчилердин жоопкерчилиги каралат

Ички чарбалык каналдарды өз убагында тазалабаган жетекчилердин жоопкерчилик маселеси каралат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда айрым жерлерде ички чарбалык каналдардын өз убагында тазалоо маселесинде, жергиликтүү жоопкерчиликтүү органдар тарабынан кайдыгерлик мамиле жасалган учурлар кездешип, суу жеткирүүдө мүчүлүштүктөр жаралууда.

Мындан улам айрым жерлерде дыйкан-фермерлердин нааразычылыктары байкалууда. Натыйжада мындай көрүнүштөр кайталанбаш үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан баардык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

«Анткени, жазгы-жайкы сугат маалында дыйкан-фермерлер жерлерин сугарууда көйгөйлөр жаралбаш үчүн ички чарбалык каналдарды өз убагында тазалап, даярдык көрүү боюнча аким жана айыл өкмөт башчыларына жыл башында конкреттүү тапшырмалар берилген. Бирок бул тапшырмалар кайдыгерлик менен кабыл алынып, өз мөөнөтүндө аткарылбаган аймактарда көзөмөл күчөтүлүп, тиешелүү мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилик маселеси каралат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев күндүн ысыганына байланыштуу сугат иштерин жүргүзүүдө дыйкан-фермерлерди сууну коромжу кылбай, үнөмдүү пайдаланууга чакырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>